cargo
air cargo

Жүк жеткирүү – сиз үчүн

Жүктү шашылыш жеткирүү керек болуп жатабы? Поезд, жүк ташуучу автоунаа, самолет, – сиз гана тандайсыз! Биз каалагандай нерсени керектүү шаарга же өлкөгө ташып жеткиребиз!

 

Биздин компания ташууга тыюу салнгандардан башка жүктөрдүн бардык түрлөрү менен иш алып барабыз. Биз сиз көрсөткөн маршрут боюнч кубануу менен төмөнкүлөрдү жеткиребиз:

  • шашылыш документтер,
  • автоунаа, яхта, поездер жана башка транспорт каражаттары үчүн запастык бөлүктөр,
  • тез бузулуучу продукттар,
  • каалагандай багыттагы товарлар,
  • дары-дармек жана тиричилик химиясы,
  • тирүү жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү,
  • агрегаттарды, башка айтканда механизмдер жыйнагын,
  • компьютерлер на уюштуруу техникасы,
  • каалагандай багыттагы приборлор, аппаратуралар жана арматуралар,
  • курулуш жана жасалгалоо материалдары,
  • тиричилик техникасын жана электрониканы,
  • эмеректерди, интерьер буюмдарын,
  • театралдык декорацияларды жана реквизитти,
  • көргөзмө стенддерин жана жабдууларын,
  • баалуулуктарды, антиквариатты,
  • спорттук инвентарды,
  • музыкалык аспаптарды,
  • ири өлчөмдөгү жүктөрдү.

Эгерде сиз өз жүгүңүздү транспорт менен ташууга болотургандыгын билбесеңиз, бул суроону Cofrance SARL компаниясынын менеджерине бериңиз. Бизде зарыл болгон документтерди тариздетүүгө жана талаштарды кардардын пайдасына чечүүгө даяр жогорку квалификациялуу юристтер иштешет.

Кандай транспортту тандоо керек

Жеткирүүнүн эң ылдам жана ишенимдүү ыкмасы кандай? Бул самолет же вертолет! Ал жүктөрдүн бардык түрлөрү, жада калса коркунучтуу же ири габариттүүлөр үчүн дагы ылайыктуу. Учуулар аймагы чектелген эмес!

 

Жетектөөчү европа авиация брокери AVIAV TM (Cofrance SARL) (Франция, Ницца) керектүү маршрут боюнча самолетту же вертолетту ыкчам беришет. Аба кемесин онлайн заказ кылыңыз,  жана ал сиздин буюмдарыңызды, товарларды, документтериңизди же жабдууңузду ошол эле күнү ташып жеткирет.

 

Кардар убакытты жана маршрутту өзү дайындайт, ал эми AVIAV TM (Cofrance SARL) авиаташууларды башынан тартып аягына чейин уюштурат. Учуу сиздин өлкөнүн ичнде же чет мамлекеттерде дагы каалагандай багытта мүмкүн болот.

cargo2
cargo3

Жүктөрдү самолет менен онлайн жеткирүүнү кантип заказ кылууга болот

Ушул сайттан форманы толтуруңуз. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

 

  • аэропортторду кошо алуу менен учуп чыгуу жана баруу пункттарын,
  • рейстин күнүн,
  • жүктүн тибин,
  • жүктүн болжолдуу салмагын, узундугун, туурасын жана бийиктигин,
  • кошумча кызматтарды,
  • контакттаарыңызды.

AVIAV TM (Cofrance SARL) менеджери рейстин баасын ыкчам эсептеп чыгарат жана жеткирүүнүн деталдары тууралуу сүйлөшүү үчүн сиз менен байланышат. Коргоонун көп баскычтуу системасына ээ болгон заманбап онлайн сервистерди колдонуу менен интернет аркылуу келишим түзүү жана кызматтарга акы төлөө ыңгайлуу болот.

Жүктөрдү самолет менен жеткирүү – бул ыңгайлуу жана пайдалуу!

Жеткирүүнү аба кемеси мен уюштуруу

Сиз билдирмени сайтта калтырасыз жана деталдарын AVIAV TM (Cofrance SARL) кызматкери менен макулдашасыз.

AVIAV TM (Cofrance SARL) менеджери документтерди түзөт жана рейске уруксат алат.

Биз сизге ыңгайлуу аба кемесин сунуштайбыз: баасы боюнча ылайыктуу вариантты тандоого, жеткирүү шарттарынын чыпкаларын колдонууга мүмкүн болот.

Келишим түзүлөт жана акы төлөнөт.

Жүктөрдү самолет менен ташуу: «эшиктен эшикке» авиациялык жеткирүүнү уюштуруу.

cargo6
cargo4

AVIAV TM (Cofrance SARL) логистиканын төмөнкү кызматтарын сунуштайт:

 

  • Жүктөрдү кеңседен, батирден, кампадан ташып чыгуу,
  • таразага тартуу, оромолдоо, маркировкалоо,
  • коштоочу документтерди тариздөө,
  • жүктөрдү камсыздоо,
  • аэропортко чейинки трансфер,
  • аба кемесине жүктөө,
  • бортто жүктөрдүн ушул түрү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү,
  • кардарды онлайн жеткирүүгө көз салып турууга уруксат берүү,
  • келүү аэропортундагы жолугушуу,
  • бажы жол-жоболору,
  • алуучунун эшигине чейинки трансфер,
  • чечүү, жыйноо, орнотуу.

 

Кардар өзү ага керек боло турган кызматтарды тандайт, жана ошолорго гана төлөйт. AVIAV TM (Cofrance SARL) заказ кылуучуга кандай самолет, вертолет жана коштоочу сервис керектигин өз алдынча чечүү мүмкүндүгүн сунуштайт. Жүктөрдү авиаташуулар күнү-түнү жүзөгө ашырылышат.

 

Биз лидер болгон дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн самолеттору менен ички жана эл аралык жүктөрдү авиаташууларды сунуштайбыз:

 

  • Airbus, Boeing, Bombardier,Embraer, Sukhoi Superjet, Pilatus,  Fokker, Saab, Cessna,  Dassault Aviation, Gulfstream, Beechcraft,

 

Вертолеттор:

 

  • Robinson, Mi, Airbus Eurocopter, Вell, Sikorsky, Agusta, Lycoming, Enstrom, RotorWay Exec, McDonnel-Douglas,

 

754 авиакомпаниялар жана аба кемелеринин менчик ээлери менен кызматташабыз.

 

 

AVIAV TM (Cofrance SARL) жеке адамдар жана уюмдар менен иш алып барат. Авиациялык брокер заказдардын бардык типтерин тейлейт:

 

  • бир жолку,
  • кайталанган,
  • мезгилдүү,
  • туруктуу.

 

Ар бир учурда биз кардар үчүн оптималдуу боло турган кызматташуу схемасын түзөбүз.

 

Ички жана эл аралык жүк ташуучу авиаташуулар – бизнести өнүктүрүү жана жеке ийгиликтерге жетишүү үчүн мыкты ыкма!

Эмнеге AVIAV TM (Cofrance SARL)

AVIAV TM (Cofrance SARL) – француз компаниясы, башкы кеңсеси Ниццеде жайгашкан. Авиациялык брокер дүйнөнүн 117 мамлекетинде кеңселерге ээ: бул Европанын бардык өлкөлөрү, Азиянын 20дан ашуун өлкөсү, Түндүк жана Түштүк Американын ири мамлекеттери, Африка, Австралия жана Океания өлкөлөрү. Жүк ташуучу авиаташуулар – биздин ишмердиктин алдыңкы багыты.

 

  1. Жүк ташуу авиациясындагы иш ташуу тажрыйбасы – 10 жылдан ашуун.
  2. Жүктөрдү жеткирүү үчүн самолеттор жана вертолеттор базасы – 100 миңден ашуун аба кемелери.
  3. Планетанын беш континентиндеги алдыңкы авиакомпаниялар жана аэропорттор менен кызматташуу.
  4. Жогорку квалификациялуу авиация юристтеринин өздүк штаты.
  5. Коргоонун 100% ишенимдүүлүгү менен заманбап онлайн сервистер.
  6. Жүктөрдү ташууну толук уюштуруу – эшиктен эшикке чейин.
  7. AVIAV TM (Cofrance SARL) – абройлуу эл аралык авиациялык ассоциациялардын мүчөсү:
  • EBAA (European Business Aviation Association),
  • NBAA (National Business Aviation Association),
  • Wyvern Ltd. жана ARGUS International (учуулардын коопсуздук стандарттарын катуу сактоо),
  1. Кепилдейбиз:

– кызматташуунун ыңгайлуулугун,

– пайдалуу бааларды,

– жеткирүүнүн максималдуу кыска мөөнөттөрүн,

– бекем купуялуулукту,

– жүз пайыздык финансы отчетун,

– кардарга жана анын кырдаалына аяр мамилени,

– жүктөргө карата абайлоочу мамилени,

– пунктуалдуулукту, жоопкерчиликти,

– авиация мыйзамдарын бекем сактоону.

AVIAV TM (Cofrance SARL) менен сиздин жүктөрүңүз баруучу пунктуна өз маалында жана идеалдуу сакталуу менен келишет.

cargo7
cargo5